1. Кредиттик карыздын өтө көбөйүшүнө жол бербөө
Компания кардарлар үчүн берилген насыялар алардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө коркунуч жаратпай, өтө карызга батып калуу тобокелдигин жаратпашы үчүн, насыялык өнүмдөрдү карызды төлөө мүмкүнчүлүгүн жетиштүү түрдө көрсөткөн кардарларга гана сунуштоо боюнча бардык чараларды көрөт.
2. Баалардын ачыктыгы
Каржылык кызматтардын баасы жана шарттары (анын ичинде пайыздык чендер, камсыздандыруу төлөмдөрү, бардык комиссиялык төлөмдөр ж.б.) толук ачык жана кардарлар үчүн түшүнүктүү формада берилет.
3. Карызды өндүрүү ыкмаларынын адекваттуулугу
Карыздарды өндүрүү боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөт. Компанияда колдонулуучу карызды өндүрүү ыкмалары кардарлар үчүн кемсинтүүсүз жана мажбурлоосуз ишке ашырылат.
4. Иш этикасынын нормаларын сактоо
Кардарлар менен иштөөдө Компаниянын кызматкерлери жогорку этика стандарттарын сакташат. Компанияда кардарларга карата туура эмес мамилени же коррупция фактыларын аныктоо жана жок кылуу үчүн керектүү коргоо механизмдери иштейт.
5. Кардарлардын арыздарын карап чыгуу жана чечүү процедуралары
Компанияда кардарлардын арыздары жана сунуштарын тез арада кароо системасы каралган. Анын алкагында кардарлар Компаниянын ишине, кызмат көрсөтүү сапатына жана кызматтарга байланыштуу ой-пикирлерин айта алышат, ошондой эле ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча сунуштарды бере алышат. Компания бул маалыматка ыкчам жооп берип, маселени чечүү үчүн зарыл чараларды көрөт.
6. Кардарлардын маалыматынын купуялуулугу
Компания менен кардар ортосундагы бардык мамилелер купуялуулукка ээ жана Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен келишимдерде каралган учурлардан тышкары, кредиттик келишимдерге байланыштуу маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрбөйт жана жарыя кылбайт.
7. Продукттардын жана сатуу каналдарынын кардарлардын муктаждыктарына шайкештиги
Компания тарабынан кардарларга сунушталган өнүмдөр жана кызматтар, ошондой эле сатуу каналдары кардарлардын муктаждыктарын жана каалоолорун эске алуу менен иштелип чыккан. Компаниянын саясатына жана процедураларына ылайык, өнүмдөр жана сатуу каналдары кардарларга зыянын тийгизбейт.