Керектелүүчү документтер кредит продуктусуна жараша айырмаланат, бирок кредит алуу боюнча арызды кабыл алуу үчүн төмөнкү документтер жетиштүү болот:
Сый акынын жылдык натыйжалуу коюму (СЖНК) — бул кредиттик келишим боюнча карыз алуучу төлөй турган бардык төлөмдөрдүн жалпы суммасы. Бул ченде ай сайын төлөнүүчү суммадан тышкары, кредиттик мекеме тарабынан алынуучу бардык комиссиялар жана башка төлөмдөр да камтылган.
Ал эми сиздин кредиттик келишимиңизде көрсөтүлгөн номиналдык жылдык пайыздык чен — бул кредиттин баасын эсептөө үчүн колдонулган чен жана ал сиздин кредит боюнча ай сайын төлөнө турган суммаларды эсептөөгө катышат.
Төлөмдөр графигинде көрсөтүлгөн пайыздардын жалпы суммасына көңүл буруңуз, анткени бул сиздин кредиттин чыныгы баасы болуп саналат (мисалы: жылдык чен 33% болгон учурда, пайыздар боюнча чыныгы ашыкча төлөм 18,76% түзөт, башкача айтканда, эгерде кредиттин суммасы 100 000 сом жана мөөнөтү 12 ай болсо, аннуитеттик төлөм графиги менен - башкача айтканда, ай сайын бирдей төлөмдөр менен сиз компанияга 18 762 сом пайыз төлөйсүз).
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 344-беренесине ылайык, "Кепилдик берүүчү (гарант) кредитордун алдында карыз алуучу менен бирдей көлөмдө жооп берет, анын ичинде пайыздарды төлөп берүү, карызды өндүрүү боюнча соттук чыгымдарды жана карыз алуучунун милдеттенмелерди аткарбоосунан же тийиштүү эмес аткаруусунан улам кредиторго келтирилген башка чыгымдарды жабуу".
Эгер сиз тууганыңыздын же досуңуздун төлөө мүмкүнчүлүгүнө жана жоопкерчилигине ишенбесеңиз, анын кепилдик берүүчүсү болууга макул болбоңуз.
Эгер Карыз алуучу өзүнүн кредит боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, мыйзам боюнча сиз да КЕПИЛДИК БЕРҮҮЧҮ/ГАРАНТ катары тең жоопкерчиликке тартылып, кредитти өз каражаттарыңыздан төлөөгө мажбур болосуз. Ошондой эле, сот органдары тарабынан өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, бул маселелүү кредит боюнча милдеттенмелер толугу менен аткарылганга чейин өлкөдөн чыга албай каласыз.
Кредиттик тарых – бул сиз алган жана төлөгөн бардык насыялар боюнча маалыматтар, алар бирдиктүү Кредит Маалыматтык Бюросунда сакталат - бул өлкөдөгү бардык карыз алуучулардын насыя тарыхы жөнүндө маалымат сакталган жалпы маалымат базалары.
Сиздин насыя тарыхыңыздын канчалык жакшы болушунан биздин Компанияда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде сиздин арыздарыңыз боюнча чечимдердин кабыл алынышы көз каранды болот.
Эгерде сиздин насыяларыңызды төлөөдө кечигүүлөр болбосо, келечекте жаңы насыяларды алуу боюнча кыйынчылыктар жана баш тартуулар болбойт.
Параллелдүү кредит алууга мүмкүн, эгерде сиздин ай сайынкы кирешеңиздин деңгээли жетиштүү болсо.
Компания сиздин төлөө жөндөмдүүлүгүңүздү дыкат анализдөө эрежесин карманат, бул ашыкча карызданууну жана кредиттер боюнча карыз жүктөмүн болтурбоо максатында жүргүзүлөт.
Учурдагы график боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөө милдеттенмелерин бузган учурда, Кардар Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык айып пул төлөйт.
Эгерде насыя боюнча төлөмдү өз убагында төлөй албай калган объективдүү жагдайлар жана негиздүү себептер пайда болсо, анда сөзсүз түрдө МУРДАГЫДАН кредиттик адиске (кураторуңузга) кайрылуу керек, компания сиздин маселеңизди карап чыгууда жардам берет.
Биздин компания кыргыз жана орус тилдеринде документтерди жүргүзөт. Сиз үчүн ыңгайлуу болушу үчүн, насыялык келишимди түшүнүктүү тилде сураңыз.
Насыялык келишимди кайрадан окуп чыгыңыз.
Кредиттик адиске түшүнүксүз терминдер жана суроолор боюнча түшүндүрмө алуу үчүн суроо берүүдөн тартынбаңыз.
Кийинчерээк да насыяңыз боюнча сизди кызыктырган бардык суроолор менен ага кайрылсаңыз болот.
Сиз кредит алуу боюнча консультацияны биздин кеңседен ала аласыз: Бишкек ш., Шопоков көч., 145, же Контакт борборунун телефону аркылуу: +996 500 678 678