Карыз алуучунун укуктары:
1. Келишимге кол коюлган учурдан баштап акча каражаттарын алганга чейин кредитти акысыз алуудан баш тартууга укуктуу.
2. Келишимде белгиленген тартипте жана шарттарда алынган кредитти пайдаланууга укуктуу.
3. Эгерде негизги карызды жана (же) пайыздарды төлөө күнү дем алыш же майрамдык күнгө туура келсе, негизги карызды жана (же) пайыздарды кийинки иш күнүндө айып пул төлөбөстөн төлөөгө укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык каалаган убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда эч кандай комиссиялык төлөмдөрсүз, айып санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз жабууга укуктуу.
5. Кредитти мөөнөтүнөн мурда жарым-жартылай жапкан учурда жаңы төлөө графигин суроого укуктуу.
6. Талаштуу жагдайлар пайда болгон учурда Компанияга жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.
7. Күрөө келишимине ылайык күрөө мүлкүн сатып алууга артыкчылык укугун ишке ашырууга укуктуу.
8. Компаниянын кызматкерлеринен кредит берүү шарттары жөнүндө, анын ичинде кредит продуктунун жалпы баасы, кредит боюнча төлөмдөрдү, айып пулдарды, айып санкцияларды эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү / консультацияларды мамлекеттик жана/же расмий тилде кардардын тандоосу боюнча алууга укуктуу. Келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (Карыз алуучуга тилди тандоо укугу берилет).
9. Кредит алуу үчүн кайрылган учурда Компаниянын кызматкерлеринен сапаттуу тейлөө алууга укуктуу. Карыз алуучу Компаниянын жетекчилигине ысык линия аркылуу (тел.: 0500 678 678; e-mail:
10. Электрондук кол тамганы колдонуу менен кардарларды аралыктан тейлөө аркылуу Компаниянын кызматтарын пайдаланууга укуктуу.
11. Кредиттик келишимдин долбоорун бардык тиркелген документтери менен бирге кагаз же электрондук түрдө колуна алып, алар менен 3 иш күнүнө чейин таанышууга жана Компаниядан тышкары жерлерде юридикалык консультация алууга укуктуу.
12. Карыз алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде белгиленген башка укуктарга ээ.
Карыз алуучу милдеттүү:
1. Кредитти ушул Келишимде аныкталган максаттарга гана колдонууга милдеттүү.
2. Компания тарабынан кредиттин максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Компаниянын ички документтерине ылайык Компания тарабынан суралган документтерди жана маалыматтарды кредитти пайдалануу мөөнөтүнүн бүткүл мезгилинде берүү. Компаниянын талабы боюнча мезгил-мезгили менен каржылык отчеттуулукту жана/же башка каржылык документтерди, кредиттин максаттуу пайдаланылышын тастыктаган документтерди берүү.
4. Алынган кредитти жана анын боюнча эсептелген пайыздарды ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте кайтарып берүү, эгерде кредитти кайтаруу кечиктирилсе, айып пулдун суммасын, зарыл болгон учурда Компаниянын чыгымдарын төлөөгө милдеттүү.
5. Негизги сумма, эсептелген пайыздар, айып пул жана ушул Келишимде каралган башка төлөмдөрдү убагында төлөөгө милдеттүү.
6. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга, каттоого, нотариалдык күбөлөндүрүүгө, камсыздандырууга, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан бардык чыгымдарды, ошондой эле ушул Келишим жана ага байланыштуу башка келишимдер боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда бардык сот чыгымдарын жана чыгашаларды төлөөгө милдеттүү.
7. Компаниянын текшерүү жүргүзүүгө укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылбастан, берилген кредитти пайдаланууга байланыштуу тастыктоочу бардык документтерди жана өзүнүн каржылык (мүлктүк) абалы жөнүндө маалыматты Компаниянын биринчи талабы боюнча берүү, мында текшерүүлөрдүн саны жана мөөнөттөрү Компания тарабынан өз алдынча аныкталат.
8. Ушул Келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин Компаниянын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүп бербөөгө милдеттүү.
9. Кредитти төлөө графигинин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар жөнүндө, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: үчүнчү жактар тарабынан карыз алуучунун мүлкүнө жана/же банктык эсептерине камак салуу, карыз алуучуга жөнөтүлгөн дооматтар жана доо арыздар, карыз алуучунун каржылык абалынын начарлоосу, жашаган жерин өзгөртүү жана башка жагдайлар жөнүндө Компанияны дароо кабарлоого милдеттүү.
10. Ушул Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн Компаниянын алдында өзүнө тиешелүү бардык мүлкү, анын ичинде сом жана чет өлкө валютасындагы коммерциялык банктардагы эсептериндеги акчалар менен жооп берүүгө милдеттүү.
11. Ушул Келишим, күрөө келишими, кепилдик келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Компания тарабынан төлөнгөн мамлекеттик алымды Компанияга кайтарып берүүгө милдеттүү.
12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Компания менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген башка талаптарды аткарууга милдеттүү.