Select your language

Урматтуу кардарлар!

«БиЭнКей Финанс» Микрокредиттик Компаниясы ЖЧКсы (мындан ары Компания) сиздерге кредит алуучулардын (заемщиктердин, кепилдердин, күрөө коюучулардын жана башка кызыктар тараптардын) кайрылууларын кароо үчүн төмөнкү тартип каралгандыгын маалымдайт:

  • Дооматтар жана сунуштар китеби – Компаниянын кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө сапатына карата сунуштарды, дооматтарды жана пикириңизди Дооматтар жана Сунуштар китебине жазууга укугуңуз бар.
  • Расмий жазуу түрүндөгү кайрылуу – Сиз Компания кызматкерлеринин тейлөө сапатына карата сунуштарыңызды, дооматтарыңызды же пикириңизди КР, Бишкек ш., Шопоков көчөсү 145 дареги боюнча же корпоративдик почта аркылуу Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. жөнөтүүгө укугуңуз бар.
  • «Ысык линия» – Компаниянын кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө сапатына карата сунуштарыңыз, дооматтарыңыз жана пикириңиз боюнча жумуш убактысында, саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү телефон номери аркылуу кайрылсаңыз болот: 0 500 678 678.
  • Шаршемби күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Директордун кабыл алуусуна жазылсаңыз болот.

Компания кардарлардын кайрылууларын оозеки, жазуу түрүндө жана электрондук форматта, мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алат. 

Кардарлар өз кайрылууларында фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин, байланыш маалыматын көрсөтүп, кайрылуунун маңызын түшүндүрүп жазуулары керек. Эгерде кайрылууда жеке жана байланыш маалыматтары, ошондой эле жооп кайтаруу үчүн почта дареги көрсөтүлбөсө, ал анонимдүү деп эсептелет жана каралып чыгат. 

Келип түшкөн бардык сунуштар жана дооматтар изилденет жана зарыл болсо, иликтенип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жооп берилет.

 Көп жылдык кызматташууга үмүттөнөбүз!

«БиЭнКей Финанс» Микрокредиттик Компаниясы ЖЧКсынын Администрациясы