Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет
- Details
- 17.07.2024
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: телефондук алдамчылык учурлары көбөйдү!
Ар кандай алдоо ыкмаларын колдонуп, жарандарга телефон чалуулар аркылуу алдамчылар сиздин акчаларыңызды эсептериңизден уурдоону же онлайн-кредит ачууну максат кылышат, аны кийинчерээк которуу үчүн колдонушат.
Бул кандайча ишке ашырылат?
Эң алгач, адамга коммерциялык банк кызматкери болуп жаткан алдамчы чалып, анын жеке маалыматтарынын чыгып кетиши же үчүнчү жактар тарабынан анын атына онлайн-кредиттер алынганы тууралуу билдирет. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери пайда болуп, акчаларды сактоо үчүн аларды коопсуз, корголгон эсепке которууну сунуштайт. Алдамчылар фейк номерлерди колдонушу мүмкүн. Ырастоо үчүн алар жалган күбөлүк же башка документти Улуттук банктын жетекчилигинин кол тамгасы жана логотиби менен жибериши мүмкүн. Ошол эле учурда, алдамчылардын курмандыгы бардык которуу операцияларын же онлайн-кредиттерди ачууну өзү жасайт, алдамчылардын көрсөтмөлөрүн аткарып.
Өзүңүздү кантип коргоого болот?
1. Эгерде сизге банк кызматкерлери, Улуттук банк же башка мамлекеттик органдар чалып, сиздин жеке маалыматтарыңыздын ачыкка чыгышы же сиздин атыңыздан онлайн-кредиттер алынышы тууралуу билдирсе, сөздү үзүңүз. Эгерде сүйлөшүүнү улантууну чечсеңиз, экранды көрсөтүү функциясын иштетпеңиз, жеке (конфиденциалдуу) маалыматтарды (ЖСН, коддор, ПИН-коддор жана башка) бөлүшпөңүз, сиз тууралуу эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Ошентип, белгисиз номерлерден келген видеочалууга жооп бербөө жана ошондой эле белгисиз адамдардан шексиз интернет шилтемелерине өтпөө жакшы.
2. Эгерде телефон чалуусу сизде шектенүүлөрдү жаратса, расмий банк номерлерине, сайтта, мобилдик колдонмолордо көрсөтүлгөн номерлерге чалуу керек, же жакынкы банк офисине барыңыз;
3. Эсептеңизде, банктар жана Улуттук банк онлайн-кредиттерди мыйзамсыз ачуу же жеке маалыматтарды ачыкка чыгарыш тууралуу чалып, кызматкерлердин күбөлүктөрүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жибербешет.
Эгерде сиз алдамчынын курмандыгы болсоңуз, эмне кылуу керек?
Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калгандыгыңызды түшүнсөңүз, дароо банкка билдирип, картаны же эсепти бөгөттөөнү өтүнүңүз, андан соң шашылыш түрдө укук коргоо органдарына арыз бериңиз.
ЭСКЕРТҮҮ: алдамчылар өз ыкмаларын өзгөртүшү мүмкүн, бирок негизги максат – сизди алдап, сиздин акчаларыңызды эсептен котортуруу. Сиз акчаларды которгонуңуздан кийин, алдамчылардын максаты ишке ашкан болот.
МАҢЫЗДУУ: Кыргыз Республикасынын Улуттук банксынын расмий интернет-сайтына www.nbkr.kg жана Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына көз салуу маанилүү, анда кардарлар үчүн маанилүү маалыматтар жайгаштырылат: Instagram-nbkr_kg; Facebook жана Telegram-каналдары, ошондой эле финансылык-кредиттик уюмдардын веб-сайттарындагы жана мобилдик колдонмолорундагы жаңылыктар жана билдирүүлөргө көз салыңыз.
Жарандар Улуттук банкка караштуу Кардарлардын укуктарын коргоо бөлүмүнө алдамчыларга каршы арыз менен кайрылса болот, төмөнкү номерлер боюнча: 0770 737349, 0555 855 748, 0312 31 31 89; 0312 31 31 22; 0312 31 29 48